Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Бүгүн, 25-июнга карата Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3954 адамга жетти. Акыркы суткада 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2112 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 113 адам;

– Чүй облусунда 24 адам;

– Ош облусунда 31 адам;

– Ош шаарында 32 адам;

– Жалал-Абад облусунда 10 адам;

– Талас облусунда 3 адам;

– Нарын облусунда 1 адам;

– Ысык-Көл облусунда 12 адам;

– Баткен облусунда 2 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *