Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктурса, 37 адам айыкты

  Мезгил

Кыргызстанда 3-майга  карата коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталса, ал эми 37 бейтап айыкты.  

 Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 795 адамга жетти.

Жаңы учурлар Бишкек шаарында (14), Ош облусунда (2), Чүй облусунда (9) жана Баткен облусунда (1) катталды.

Ошондой эле айыгып чыккандар “Бишкек шаарында 21, Ош облусунда 1, Ош шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда 6 бейтап. Муну менен  564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *