Кыргызстанда дагы 27 адамдан  коронавирус  аныкталды

 Мезгил

Бүгүн, 19-майга карата Кыргызстанда дагы 27 адамдан  коронавирус   аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Нарын, Ош жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Акыркы суткада 71 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 6 адам + 1 адам Санкт-Петербург шаарынан келгендер;

– Чүй облусунда 3 адам (Соль-Илецк шаарынан келгендер);

– Нарын облусунда 11 адам;

– Ош облусунда 6 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *