Кыргызстанда дагы 27 дарыгер коронавирус жуктурду

   Мезгил

Кыргызстанда сутка ичинде 27 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 15, Нарын облусунда 7 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми сутка ичинде бейтапканалардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Республика боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 326га жетти. Алардын ичинен 247си айыкты”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1594 учур катталды. Алардын ичинен 326сы медицина кызматкери. Илдеттен 1066 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *