Кыргызстанда дагы 29 адам коронавирус жуктурду

   Мезгил

Бүгүн, 15-майга карата Кыргызстанда дагы 29 адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1111 адамга жетти. Акыркы суткада 10 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 6;

– Чүй облусунда 4;

– Ош шаарында 4;

– Жалал-Абад облусу 2;

– Нарын облусунда 11;

– Ысык-Көл облусунда 1;

– Ош облусунда 1.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *