Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты

   Мезгил

Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирустан айыгып чыккандардын саны 71ге жетти.

“Ала-Букадагы аймактык ооруканадан 4 адам үйүнө чыгарылды. Анализдин жыйынтыктары аларда оору жок экенин көрсөттү”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *