Кыргызстанда дагы 43 адам  коронавирус жуктурду. Жалпы 1313

   Мезгил

Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда дагы 43 адам  коронавирус жуктурду.  Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ош шаарында, Нарын, Ош, Баткен жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1313 адамга жетти. Акыркы суткада 19 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 22 адам + Санкт-Петербургандан келген 1 адам;

– Чүй облусунда 1 адам;

– Нарын облусунда 8 адам;

– Ош облусунда 4 адам;

– Ош шаарында 5 адам;

– Баткен облусунда 2 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *