Кыргызстанда дагы 68 бейтап коронавирустан айыкты

  Мезгил

Кыргызстанда дагы 68 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Коронавирустан 68 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 10, Нарын облусу – 1, Ош облусу – 42, Ош шаары – 7, Жалал-Абад облусу – 7, Баткен облусунда – 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 201ге жетти”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *