Кыргызстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды

Мезгил

Бүгүн, 25-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы 2 учур катталды.

 Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова түштөн кийинки онлайн маалымат жыйында билдирди. 

Маалыматка ылайык, алар экөө тең эркек адамдар. Бири 1985-жылкы болсо, ал эми экинчиси 1960-жылы туулган. Жарандар Испания жана Дубайдан келген. Алардын абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.   

Муну менен Кыргызстанда жалпы бейтаптардын саны 44 адамга жетти.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *