Кыргызстанда дарыгерлердин жарымы гана иштейби?

       Мезгил

   Өлкөбүздө дарыгерлердин 50% гана иштеп жатканын 7-августтагы брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын башына карата дарыгерлердин жалпы саны 13790 адамды түзгөн. Азыр анын 53% гана иштеп жатат. 33518 орто медперсоналдын 50%, 12508 кенже кызматкерлердин 46% гана иштейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук борборунун статистикасы боюнча учурда 7326 дарыгер бар, орто медперсонал 16407 адамды, кенже медперсонал 5771 адамды түзөт.

«Алардын ичинде тобокел тобундагылар 10-14%. Убактылуу жумушка жарактуу болбогондор 10-12%. Акы төлөнбөгөн өргүүдө, эмгек өргүүсүндө, бала багуу үчүн өргүүдө жүргөндөр бар», – деди Бообекова.

Таажы ылаңы башталган март айынан бери Кыргызстанда көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, бейтаптар үчүн орундар жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *