Кыргызстанда допингге каршы уюм уюштурулат

Мезгил

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеште спортто допингге каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева бул мыйзам долбоору кечигип келип жатканын сынга алып, допингге каршы иш-чараларга кызыкты.

  Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Кыргызстанда Допингге каршы уюм уюштурула тургандыгын, өлкө аймагындагы спорттук иш-чараларда спортчуларды дал ушул уюм көөзөмөлдөөрүн айтты.

Ошондой эле допингди колдонбоо маселесинде спортчунун өзүндө жана машыктыруучусунда жоопкерчилик болушу керектиги кошумчаланды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *