Кыргызстанда эттин баасы кымбаттады

  Мезгил

Кыргызстанда уй эти кымбаттады. Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баанын өсүшү килограммына орточо эсеп менен 5,9 пайызды же 22 сомду түзөт.  

 Октябрь айынын  башында уй этинин орточо наркы 378 сомдун тегерегинде болсо, айдын соңунда 400 сомго чейин жогорулады.

Эң кымбат эт Жалал-Абадда жана Кара-Сууда – килограммы 430 сомго жетет. Бишкекте – 405 сом. Ал эми эң арзан баалар Нарында – килограммы 345 сом.

Ал эми Кыргызстанда акыркы айда койдун эти орточо эсеп менен 2,5 пайызга же 9 сомго кымбаттады. Алсак, октябрдын башында кой этинин орточо баасы 375 сом болсо, октябрдын аягында 384 сомго чейин жогорулады.

Баалардын өсүшү боюнча жогорку көрсөткүч Ош облусунун Кара-Суу шаарында катталды – килограммы 450 сом. Ал эми Бишкекте 384 сомго бааланууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *