Кыргызстанда үйлөрүн камсыздандыргандар көбөйүүдө

  Мезгил

 Кыргызстандыктар үйлөрүн көбүрөөк камсыздандыра баштады. Бул тууралуу  Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалымата ылайык, өткөн жылы 87 миңден ашык келишим түзүлдү.Бул 2017-жылга салыштырмалуу 33 пайызга көп.

Белгилей кетсек, турак-жайларды камсыздандыруу милдеттүү деп аталганы менен, полисти албай койгондор үчүн айып салуу каралган эмес.

Азырынча калк арасында камсыздандыруу жөнүндө түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, айыл жергесинде полис алуу жылына 600, шаарда 1 миң 200 сомду түзөт. Тарифтерди жогорулатуу пландалган эмес.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *