Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандады

Мезгил

Кыргызстанда  күйүүчү майдын баасы болжол менен 1 сомго  арзандады.   

Маалыматка ылайык, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Майдын башында күйүүчү майдын наркы дагы 1 сомго түшүшү божомолдонууда.

Дизель майы 1 сомго арзандаса, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин айрым жерлерде 30 тыйынга, кээ бир май куюучу жайларда 1 сомго чейин арзандаган. Ал эми АИ-95 күйүүчү майы 1 сомдон 1 сом 70 тыйынга чейин ылдыйлаган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *