Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттоодо

   Мезгил

Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттоодо. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой,  акыркы 1 жумада эле кара отунга баалар тоннасына 27 сомго жогорулады.

Эң көп кымбаттоо Баткен шаарында катталды. Бул жерде көмүр тоннасына орточо эсеп менен 8,5 мин сомду түзүүдө.

Экинчи орунда Ош облусунун Кара-Суу району турат – 7 миң 745 сом.

Үчилтикти Ноокат жабат – дээрлик 7 миң сом. Көмүргө эң төмөн баалар Нарындын Чаек айылында катталды – 2,5 миң сом.

Бишкекте кара отундун наркы дээрлик өзгөрө элек – 3 миң 874 сом.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *