Кыргызстанда кайсы кесипке суроо талаптар көп экендиги айтылды

Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда эмгек жана социадык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов Кыргызстанда кайсы кесиптерге суроо талап көп экендигин депутаттын суроосуна жооп берип жатты.   

  Депутат Аалы Карашев Токтосартовго   өлкөнүн статистикасында  кесиптерге суроо талаптар барбы? деген суроо салды.   

 Ал  чач тарач, компьютердик оператор,  1С билиминдеги бугалтерлер, програмистер, IT-технологиясы, тигүүчүлөр, ашбозчу, офис-менеджери, электриктер жана айдоочуларга суроо талаптар көп экендигин айтты.

“ Биз мындан тышкары  башка кесиптер боюнча маниторинг жүргүзөбүз, бирок андай кесиптеги адистерге биздин кесиптик лицейлерге кирүүгө жол берилбейт. 2020-жылы ушул багыттарда окутууну пландаштырып жатабыз”- дейт Токтосартов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *