Кыргызстанда коронавирус аныкталган бейтаптар менен 7,5 миң адам байланышта болгон

 Мезгил

Кыргызстанда коронавирус аныкталган бейтаптар менен 7 миң 537 адам байланышта болгон. Бул тууралуу онлайн  маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 556 адамды, ал эми башка байланыштар (II категория) – 5 миң 981 адамды түзөт.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан боюнча обсервацияда 872 адам жатат.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургундардын саны 466га жетти. Алардын 104ү медицина кызматкери.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *