Кыргызстанда коронавирус күч алды. Дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Кыргызстанда 1-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 69 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 817 адамга жетти.

“Сутка ичинде катталган жаңы учурлар Бишкек шаарында – 21, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 14, Ош шаарында – 9 жана Ош облусунда – 1. Ошондой эле Россиядан келген курсанттардын арасынан дагы 18 жаңы учур катталды”, – дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, 69 учурдун 18и сырттан келгендер. Ал эми байланышта болгон 46 адамда коронавирус табылган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *