Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткандарга чара көрүлөт

  Мезгил

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

  Акыркы күндөрү өлкөдө жаңы вирусту жуктуруп алгандар Кыргызстанда да  катталды  деген билдирүүлөр социалдык тармактарда тарап кеткен. Ал эми милиция  жалган маалымат жайылткандарга карата чара көрүлөрүн эскертти.  

 Дарыгерлер, өз кезегинде дартты жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, эт продукцияларын колдонууда этият болууга чакырат.

Белгилей кетсек, Кытайдагы коронавирус дүйнө элин дүрбөлөңгө салды. Учурда Кытайда бул коркунучтуу вирустан 80 ден ашуун адам каза болгону айтылса,  төрт миңге жакын адам вирусту жуктуруп алышкан. Ал эми дүйнө элинде да коронавирустан каза болгондор катталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *