Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 адам каза болду

  Мезгил

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 адам каза болду. Бул тууралуу онлайн  маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Чуй облусунда 70 жаштагы аял жана Ош шаарында 79 жашта карыя каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568кө жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *