Кыргызстан: Коронавирус жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчүнө качан жетээрибиз айтылды

   Мезгил

Эксперттик топтун акыркы корутундусу боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчү 20-апрелден баштап 24-апрелге чейин болот деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Биз батыраак эң жогорку көрсөткүчкө жетүүнү каалайбыз, анткени анын артында төмөндөө бар. Ошондо биз батыраак жетип, инфекцияны алдын алуу иштерин жыйынтыктамакпыз», – деди ал.

 Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 430га жетти.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *