Кыргызстанда коронавирустан 36 жаштагы жигит каза болду

  Мезгил

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир бейтап каза болду.  Бул  тууралуу Бүгүн, 17-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

«1984-жылы төрөлгөн бейтап каза болду. Бул жигит Жалал-Абад облусуна Бишкек шаарынан 11-июнда маркумду акыркы сапарга узатууга барып, ошол жактан оорунун белгилери чыгып, Жалал-Абад облусундагы ооруканага кайрылган. Дарылоо башталып, бирок ден соолугу жакшырбай, реанимациялык шарттар да жасалган. Ага карабастан 16-июнда каза болду”-деди ал.

Маркумда Бишкекте жүргөндө дагы оорунун белгилери бар болгон. Бирок дарыгерлерге дароо кайрылбай, өз алдынча антибиотик менен дарыланып, дене табын түшүрүүчү дарыларды ичип, ошол бойдон Жалал-Абад облусуна кетип калган.   

Өлкөдө коронавирус илдетинен кайтыш болгондордун саны 30га жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *