Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бирөө медицина кызматкери

   Мезгил

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган К.Д.А., экинчи бейтап 1951-жылкы Жалал-Абад облусунун тургуну.

“Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети”, – деп айтылат маалыматта.

Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 10 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *