Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

   Мезгил

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн онлайн  маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон бейтап 69 жашта болгон. Анын өнөкөт дарттары болгон.

“Ал ооруканага кайрылганда пневмония диагнозу коюлган экен. Дарылоо жыйынтык бербегендиктен 4-май күнү Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына которулган. Андан анализдер алынып, коронавирус болгон текшерүү анда оору бар экенин көрсөткөн. Дарылоо иштерине карабай, ал бейтап каза болду”, – деди ал.

Муну менен коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *