Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

   Мезгил

Ноокат аймактык ооруканасында кечээ, 4-апрелде коронавирус аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой, маркум чет өлкөдөн келгенден кийин обсервацияга жаткырылган.

«Бейтап ооруканага түшкөндөн бери адистер тарабынан көзөмөлдөнүп, тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бирок анын абалы курч инфаркттын белгилери менен дароо начарлап кетти. Күчөтүлгөн дарылоо иштерине карабай бейтап көз жумду», – деп айтылат маалыматта.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *