Кыргызстанда коронавирустан каза болгон алгачкы  учур катталды

Мезгил

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон алгачкы  учур катталды.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дө брифингде кошумча маалымат берет.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *