Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 830га жетти

Мезгил

Кыргызстанда 4-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 35 жаңы учур катталды.   Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 830 адамга жетти.

“Жаңы учурлар Бишкек шаарында (26), Чүй облусунда (2), Нарын облусунда (1), Жалал-Абад облусунда (5) жана Баткен облусунда (1) катталды”, – деп билдирди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *