Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы көтөрүлөт

  Мезгил

Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт. Бул тууралуу  Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.  

 Маалым болгондой, жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 16 долларга жогорулады. Орусиядан келген күйүүчү майдын бир тоннасы 150 долларга кымбаттады.

  Мурдагы айларда АИ92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллага көтөрүлдү. Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү. Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт.​

Учурда Бишкектеги май куюуучу жайларда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 40,5 сом турат.

Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт. Ал Орусиядан экспорттук төлөмсүз келет. Буга чейин Казакстан 2019-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанга бензин экспорттой турганы айтылган, бирок маселе чечиле элек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *