Кыргызстанда шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга коюлду

Мезгил

Кыргызстанда шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга коюлду. Сунушталып жаткан негизги өзгөртүү – шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү. Бүгүн бул мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Коомдук талкуу бир айга созулат. Парламентте ар бир окууда колдоого ээ болсо 1 ай же 40 күндүн ичинде каралат. Ал эми Жогорку Кеңештен колдоо тапса президентке кол коюуга 20 күндүн ичинде жөнөтүлөт.

Демилгечи депутаттар – Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Исхак Масалиев жана Дастан Бекешев.

 “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков шайлоодогу  9 пайыздык босого оорчулук жаратпайт тургандыгын айтат.

-Бүгүнкү күнү шайлоодогу 9 пайыздык босого оорчулук эмес.  Дин жагына умтулган адамдар мечитке адам үчүн барбайт, куран үчүн барат. Негизинен 5 же 7 пайыз болсо жакшы болмок, бирок  бул процесс 9 пайыз деп чечилип калды. Биз 9 пайыз менен элдин ишенимине жетүүгө аракет кылып жатабыз-деген Асанбеков.

Ал эми “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков кайсыл партиянын туруктуу шайлоочулары болсо анда ошол саясий уюм шайлоодон жеңип чыгарына ишенерин айтат.

-Мыйзамда көрсөтүлгөн 9 пайыздык чектен трагедия  жасоонун  кереги жок. Кайсыл партиянын туруктуу шайлоочулары болсо анда, ошол саясий уюм шайлоодон жеңип чыгып парламентке келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал биздин күчүбүз эл үчүн иштегенибизде-деди Ахматбек Келдибеков.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *