Кыргызстанда учурда обсервацияда 1 миң 100 адам жатат

   Мезгил

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 100 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 4 миң 371 адамга жетти.

“Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал”, – деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1016ны түзөт. Алардын ичинен 688 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *