Кыргызстанда жолдор паспорттоштурулууда

Мезгил

Кыргызстанда жолдордун паспортизациясы жүрүүдө.  Бул тууралуу Унаалар  жана жолдор министрлиги билдирди.

 Маалым болгондой, иштер атайын көчмө лабораториянын жардамы менен аткарылууда.  

Адистер GPS-координаттарды аныктап, жаңы курулган жолдордун сапатын анализдешүүдө. Алынган жыйынтыктар кийин жолдорду ремонттоону пландаштырууга жана республика трассаларынын абалы боюнча маалымат алууга шарт түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 2 миң чакырым жол текшерилди.

Белгилей кетсек, аталган министрлик  бул максатта демөөрчүлөрдүн 250 миң долларына атайын жабдуу сатылып алынганын айткан. Паспорттоштуруу системасы кайсыл жолдор капиталдык ремонтко, кайсынысы калыбына келүүгө муктаж экенин өзү билинип турат.

Эске салсак, мурдагы транспорт жана жолдор министри  Жамшит Калилов 2017-жылдан тарта транспорт мнистрлиги өлкөдөгү унаа жолдорун паспорттоштура баштаарын билдирген.

 Ошондой эле паспорт боюнча жолду ким качан курган, оңдоп түзөө иштеринин жүргүзүлгөндүгүнө канча убакыт богондугун көрүүгө боло тургандагын. Эгер кандайдыр бир кемчиликтер болсо кийин жол курулушуна катышуу укугунан ажыратылаары, жана паспорттоштуруу программасы жол куруу үчүн жергиликтүү жана респуликалык бюджеттен кетип жаткан каражаттарды көзөмөлдөөгө ыңгайлуу болоорун айткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *