Кыргызстандагы эң бай министр ким?

  Мезгил

Кыргызстандагы өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы эң бай адам Чынгыз Айдарбеков- КРнын тышкы иштер министри.

–  2018- жылдагы Айдарбековдун чыгаша кирешеси декларацияда 5миллион 196миң сом көрсөтүлгөн. (минстр болгонуна эки жарым ай болгондон кийин- буга чейин Кыргыз Япония посолу болуп иштеген).

Айдарбеков башка бизнесин декларацияда көрсөткөн эмес. Баардык байлыгы- баалуу буюмдарынын баасы 50миң сом, эмеректери да ушу суммада, компьютер жана оргтехникаларын баасы 98 миң сом.

Мындан сырткары, Айдарбековдун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү катталган эмес. Ушу жерде түшүнүксүз же үйү же айдаган унаасы жок. Анда үй бүлөсү жана бир туугандары кайда жашайт деген суроо туулат.

–  Ал эми  Кыргызстандын Швейцария посолу жана ООНдун Женевадагы туруктуу өкүлү  Данияр Мукашев,  бир жылдын ичинде – 5 миллион 28миң сом тапкан.

-Болот Отунбаев АКШ жана Канададагы Кыргызстандын посолу- 4 миллион 974миң сом.

-Кубанычбек Өмүралиев Беларусия посолу- 4миллион 532миң сом.

-Алиясбек Алымкулов Алматынын генконсулу- 4 миллион 589миң сом.

-Абдилатиф Жумабаев Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттарынын посолу- 4миллион 214миң сом.

– Эринес Оторбаев Германия посолу-  4миллион 332миң сом.

 Тышкы иштер министринин жана посолдордун тапканы менен премьер-министр М. Абылгазиевдикин салыштырып карасак, өтө эле чоң айырмачылык байкалат. 2018-жылдагы Абылгазиевдин декларациясы боюнча 826миң 461сомду түзөт. Бул башка министрлирге салыштырмалуу беш эсе аз.

Жарды медицинадагы бай лидер

 Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри

Министрлер арасында көрсөткөн декларациядагы кирешеси боюнча экинчи орунду ээлейт.

2018-жылдагы толтурулган декларацияда, 4миллион 402миң сомду көрсөткөн. Министрлик орунга отурганына бир жыл боло электе, 8 ай болгондо гана толтурулган. Чолпонбаев бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келгенде 2018-жылдын апрель айында келген. Буга чейин Кыргыз Улуттук медициналык академиясынын кафедрасын башкарып турган.

Ошондо, министр Космосбек Чолпонбаевдин бир айлык кирешеси 550 миң сом.

Бир жылда Чолпонбаев 3миллион 117миң сом коротот. Министр декларацияда бир да бизнес көрсөткөн эмес.

Кыймылдуу мүлктөрүнөн 82чарчы метр аянтты түзгөн үйүн көрсөткөн. Андагы эмеректер 200миң сом, үй техникаларынын баасы 150 миң сом, жылкылары 500миң сом жана ири мүйүздүү бодо малдары 1миллион 400миң сом. 

Чолпонбаевдин жакын туугандарынын бир жылдагы тапкан кирешелери өзүнүкүнөн төрт эсеге көп – 16миллион 296миң сом. Ушуну менен катар короткон чыгашалары 16миллион 59миң сом. Туугандарынын квартирасы аянтты 177чарчы метр.

Бактыгуль Жээнбаева каржы министри

Жээнбаева да өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында “миллионерлер клубуна” кирет. Жылдык кирешеси 936миң сом.

Медер Ирсалиев социалдык фонддун жетекчиси.

Ирсалиевдин бир жылдык кирешеси- 1миллион 375 миң сом.

Өкмөт мүчөлөрүнүн арасында Ирсалиев эң чоң бодо мал кармагандардын катарына кирет. Декларациясында жылкыларынын баасын 900миң сомго баалаган. Ири мүйүздүү бодо малдары 550миң сом деп көрсөткөн.

Жакын туугандарынын аянтты 62 чарчы метр түзгөн квартирасы, жер айдоого жараксыз 425 чарчы метр жер тилкеси жана “Мерседец – Бенс” авто унаасы бар. 

Улукбек Марипов эсептөө палатасынын жетекчиси

Мариповдун- жылдык кирешеси 1миллион 831 миң сом. Декларациясында айыл чарбалык алты жер тилкеси жалпы аянты 9миң 124…? ( бул жерде эмне гектарбы так көрсөтүлгөн эмес) андыктан  суроо пайда болот.

Декларация да негизинен гектар менен көрсөтүлөт. Эгер Марипов ушу жерин так көрсөткөндө Европа карлик өлкөсүнүн 91чарчы метрин түзмөкбү?.  

Мариповдун жылкыларынын жалпы суммасы 594миң, майда ири мүйүздүү малдары жалпы суммасы 623миң сом.

 

Искендер Асылкулов Мамлекеттик салык кызматтынын жетекчиси. Асылкулов 2018-жылы – 1 миллион 898миң сом киреше көрсөткөн.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *