Кыргызстандагы май куюу жайлары көзөмөлгө алынат

    Мезгил

Кыргызстандагы 270 май куюу жайлары эми Салык кызматынын жана Экономика министрлигинин көзөмөлү  алдында болот.  Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган ведомстволор станцияларга автоматташкан системаны киргизүүнү пландап жатат.

 Бул система аркылуу мамлекеттик органдар күйүүчү майдын сатылышын онлайн режимде көзөмөлдөп турат. Мындай кадам өлкө аймагында күйүүчү майдын көмүскө сатылуусуна бөгөт коюуга шарт түзөт.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 925 май куюу станциялары бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *