Кыргызстандагы микрокредиттик компанияларга кайсы аткаминерлердин балдары ээлик кылат?

Мезгил

2020-жылдын январь айындагы көрсөткүч боюнча Кыргызстандын рыногунда 89 микрокредиттик компания иштейт. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук банкынын сайтында жарыяланды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, микро кредиттик компаниялардын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери кимдер экени белгилүү болду.

Алар  Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы – Бишкек шаардык кеңешинин депутатты Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, мурунку премьер-министр Феликс Куловдун жубайы- Абдрасулова Фатима Карашевна( эки микро кредиттик компанияга ээлик кылат), мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбеавдин балдары- Оторбаев Курманбай Жоомартович жана Оторбаева Сайна Жоомартовна жана башка жеке ишкер Мамазаиров Бозулан Эркинович, Жогорку Кеңештин депутатты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, жеке ишкер Үмөталиев Эмил Сатарович жана коомдук ишмер Мукашов Муратбек Осмоналиевич, Кыргызстандын  Нефтетрейдер Ассоциациясынын мурунку жетекчиси Кулов Улан Темирбекович,  Мамлекеттик энергетика комплекстин жөнгө салуу боюнча агенттигинин мурунку жетекчиси Элебаев Нурбек Беккулович жана башкалар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *