Кыргызстандан чыгарылып кеткен 5 миллион долларга кимдин катышы бар? Ибраимов – Бегалиев – Бабанов?

Мезгил

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

1 – шектүү Ибраимов. Азыр абакта “эс алып” жаткан мурдагы президент А.Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири болгон, өзү да эсепсиз уурдап-жегендиги үчүн темир тордун ары жагында олтурган, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш ишинин алкагында ал бир кезде “Манас” аэропортун жетектеп турганда 5 млн доллар уурдалгандыгы белгилүү болгон.

2- шектүү Бегалиев. 5 млн доллардык иш үчүн кармалган Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды. Ал мурда “Манас” аэропортун Албек Ибраимов жектектеп турган учурда юридикалык бөлүмдү жектектеп келген. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү бүгүн ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

 3 – шектүү Бабанов. Аба майданынын кызылдай 5 миллино доллар акчасын офшорго учурууга Бабановдун да катышы бар деген маалымат ЖМК аркылуу тараган. Келишим түзүлүп, 5 миллион доллар акчаны алуу учуру келгенде Бабановдун  карындашы пайда боло калып, акчаны ошол алып кеткен деген маалыматтар калкып жүрөт. Эгерде бул сөздөрдүн чындыгы тергөө учурунда далилдене турган болсо Бабановдун 8 ишине дагы бир иш кошулуп калышы ыктымал. Бегалиевдин үй камагына чыгарылышы ал тергөө менен кызматташууга барып, Ибраимовго же Бабановго каршы көрсөтмө берген болушу мүмкүн дегенди туюндурат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *