Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазутту экспорттой баштады

 Мезгил

2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында Азербайжан, Кыргызстан, Грузия, Түркменистан жана Өзбекстан темир жол башчыларынын биринчи жолугушусу болгон.

Жолугушуунун жүрүшундө контейнердик поездерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу маселелери боюнча макулдашууларды жүргүзүлгөн.  Бул Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттери ошондой эле Европа өлкөлөрү менен Азия континенттеринде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Биринчи жүк ташуучу поезд Кыргызстандын Кара Суу темир жол бекетинен Грузиянын Батуми темир жол бекетине 2020-жылдын 21-январында жөнөп кетти. Жүктүн көлөмү 49 цистерна мазутту түзөт. Ал эми 2020-жылдын 22-январында экинчи поезд кеткен. Жүктүн көлөмү 48 цистернага барабар. Аталган курам транзит аркылуу Өзбекстан, Туркменистан жана Азербайжандын аймагы менен 33 сааттын ичинде ийгиликтүү жеткирилген. 

2020-жылдын 28-январында Карасуу темир жол бекети дагы 24 цистернаны кабыл алды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *