Кыргызстандык компания Өзбекстанга гуманитардык жүк жөнөттү

 Мезгил

2-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөктөшүүсү менен Өзбекстан Республикасынын Сырдарья облусунун Гулистан шаарында Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган өзбек элине кыргыз элинин атынан «М Булак» кыргыз компаниясы тарабынан жиберилген гуманитардык жардамды тапшыруу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде КРнын Өзбекстандагы элчилигинин кеңешчиси Нурлан Жумалиев, Сырдарья облусунун акиминин орун басары Данияр Мадиримов, облустун прокурору Равшан Машарипов, облустун аксакалдары жана ММК өкүлдөрү катышкан.

Гуманитардык жүккө 20 тонна макарон, 20 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, 10 тонна шекер, 5 тонна ичүүчү суу, ошондой эле 10 тонна картошка кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек тарап Сырдарья облусунун элин кезектеги колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *