Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыгат

  Мезгил

Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыга башташат.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, биринчи кезекте Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар болмокчу.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат. Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *