Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов One Fighting Championship уюмунун чемпиону болду (видео)

Мезгил

Кечээ, 25-октябрда эрежесиз мушташ боюнча Азиядагы эң популярдуу ONE Championship уюмунун беттештери Индонезиянын Жакарта шаарында болуп өттү.

 Бул беттештердин алкагында кыргыз мушкери Кямран Аббасов чемпиондук үчүн күч сынашып,  Аббасов орто салмак ченинде учурдагы чемпион швециялык негизги атаандашы Себастьян Кадестам менен беттешке чыкты. Натыйжада мекендешибиз каршылашын жеңип,  чемпион болду. 

Белгилей кетсек, Кямран Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Fighting Championship уюмунун чемпиондук курун тагынган  өлкө тарыхында алгачкы мушкер болуп саналат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *