Кыргызстандык мушкер Москавада атаандашын нокаут менен жеңди

   Мезгил

Кыргызстандык спортчу Кайыпназар Бектурсун аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирде атаандашын техникалык нокаут менен жеңди. 

14-ноябрда Москва шаарында «M-1 Global» мушташуу уюмунун кезектеги «MMA Series-20: Жаңы баатырларга убакыт» турнири болуп өттү.

 Анда 56,7 килограммга чейинки салмак ченинде Кайыпназар Бектурсун орусиялык Артем Остряков менен мушташты. Кыргызстандык биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.

Кайыпназар Бектурсундун бул беттеши спорттук карьерасындагы 9-жолку жана «MMA Series» турнирлеринде экинчи жолку жеңишин алып келди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *