Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча коло медаль багындырды

Мезгил

Кыргызстандык Муртазали Муртазалиев джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде коло медаль багындырды.

Маалымдалгандай, мелдештер Бириккен Араб Эмираттарында өттү. Мекендешибиз 77 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, үчүнчү орун үчүн беттеште жергиликтүү спортчуну 8:7 эсебинде утуп алды.

Алтын медалды Бразилия спортчусу, күмүштү Иордания өкүлү жеңди, лидерлердин үчилтигин Муртазалиев бекитти.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *