Кыргызстандыктар үчүн Венгрияда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Мезгил

 Эгерде сиз бул өлкөгө  барып билим алууну кыялданып жүргөн болсоңуз, анда сиз үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Ал үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат.

  Кантип арыз таштоо керек?

Венгриянын жогорку окуу жайларында стипендиялык программада Stipendium Hungaricum Scholarship Programme 2020-2021 окуу жылында 75 бюджеттик оорундарга арыз таштоо башталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  Венгриянын окуу жайларында окуу кыргызстандын жараандары үчүн венгр жана англис тилдеринде (бакалавриат, магистратура, аспирантура) өтүлөт.

Кыргызстандын жараандарына төмөнкү багыттарда

-Бакалаврлык программада: айыл чарба, коомдук илимдер, маалымат технологиясы, экономикалык, техникалык, жаратылыш илимдери, спорт жана коомдук саясат.

-Магистратуралык программа: айыл чарба, коодук илимдер, маалымат технологиясы, экономикалык илимдер, техникалык, жаратылыш, спорт жана коомдук саясат.

-Докторантуралык программа: баардык багыттар

Венгрия акысыз окуу, окуп бүткөнгө чейинки ай сайын төлөнүүчү стипендия :40 460 форинт (140$) бакалавр жана магистратуранын студенттери үчүн, 140 000 форинт (473$) докторанттар үчүн, 40 000 форинт жатаканаларга жана медициналык камсыздоого.

Баардык документтерди 15-январга чейин онлайн системада тапшырылат. Андан соң 31-январга чейин документтер кагаз жүзүндө Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылат.

Керектүү документтер:

-Арыз (заявление);

– Катышуучунун анкетасы, шилтеме көчүрмөсү;

-загранпаспорттун көчүрмөсү;

-Жетишкендиктери тууралуу күбөлүк бүтүргөн окуу жайынан (транскрипт)

-Сертификат англис тилин канчалык деңгээлде билет (TOEFL IELTS);

– справка үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө;

-сертификат, диплом, ардак грамата, макалалар жана илимий басылмалар (магистрлер жана докторанттар ) ж.б керектүү документтер;

– Медсправка 086;

-ВИЧ/СПИД менен оорубайт деген справка

Документти кабыл алуу төмөнкү даректерде: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257, кабинет 220 (Отдел международного сотрудничество)

Онлайн системадан өткөндөн кийин баардык пакет документти Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүү министрлигине алып барып тапшырат. Ал жактан алдын ала текшерүүдөн өтөт.

Тандоо февралдын ортосуна чейин жүрөт.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *