Кыргызстандын айрым аймагында бензин кымбаттады

Мезгил

Жыл башынан бери Кыргызстандын эки аймагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин кымбаттады. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой, мындай көрсөткүч  Ысык-Көл жана Нарын облустарында байкалды.  

Ысык-Көлдө күйүүчү майдын баасы 25 тыйынга, Нарында 5 тыйынга  көтөрүлдү. Калган облустарда  АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасында өзгөрүүлөр катталган жок.

Ал эми дизелдик отун тууралуу айта турган болсок, анын эң жогорку баасы Жалал-Абадда – 1 литрине 44 сом 60 тыйын, эң төмөн баа Таласта – 42 сом   90 тыйын.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *