Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок “Жер үйгө” Россия 600 миллион доллар салат

Мезгил

Россия президенти Владимир Путин Жер ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталып, “Жер Үй” кенине 20 жыл ичинде 600 миллион доллар инвестиция салынарын билдирди.

Талас облусунда жайгашкан, “Жер Үй” алтын кенинде  80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери бир нече жолу ачууга аракет кылган “Жер Үй кени” 1969-жылы ачылган. Бирок ушу күнгө чейин долбоор ишке аша элек.

1992-жылдан бери “Жер Үйдү” иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. Алардын арасында Улуу Британия, Россия, АКШ, Австралия, Канада жана Казакстандан келген компаниялар болгон. Бирок, кыргыз өкмөтү менен чет элдик компаниялардын түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен жүзөгө ашпай келген. Ал гана эмес байгеси “Жер Үй” алтын кени коюлган “күрөштө” бирде өкмөт жеӊип, инвесторлор банкрот болсо, бирде чет өлкөлүктөр жеӊип кыргыз өкмөтү миллион долларга доого жыгылган учурлар болгон.

2015-жылы Жерүйдүн “ачкычы” орус олигархы Муса Бажаевдин ишканасына берилген. Тактап айтканда жаңы жарыяланган аукциондо россиянын “Орус платинасы” ишканасынын түзүмүнө кирген “Востокгеолдобыча” компаниясы жеӊишке жетишкен. Түзүлгөн келишимге ылайык, бул ишкана кыргыз өкмөтүнө 100 млн. доллар төлөп берген. Бирок, келишим боюнча “Жер Үйдө” Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок.

Көп өтпөй “Востокгеолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ишканасы түзүлүп, кенде инфраструктуралык курулуштарды салуу 2017-жылы 25-апрелде башталган. Ошол учурдагы божомолдоолорго ылайык, биринчи алтын алуу иштери 2018-жылдын соңунда башталмак. Бирок азыркыга чейин калдыктарды сактоочу жай, алтын иштетүүчү фабриканы курулушу аягына чыга элек. Компаниянын жетекчилери, долбоор уруксат кагаздарынын кечиктирилишинен улам кармалууда деп айтып келишет.

Бул ортодо Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети буга курулуш иштеринин өз убагында башталбагандыгы үчүн “Альянс Алтын” ЖЧКсына 600 миң доллар өлчөмүндө айып пул салган. Бирок инвесторлор мындай чечимге макул болбой комитетти сотко берген.

Мындан сырткары, мамлекеттик орган эгер компания алтынды байытуучу фабриканы учурунда ишке киргизбесе ай сайын 100 миң доллардан айып пул сала тургандыгын эскерткен.

2015-жылдагы пландарга ылайык, алтын казуу иштери 2018-жылы башталмак. Жалпы кенди толук өндүрүшкө киргизүү бир жылдай убакытка кечеңдеп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *