Кыргызстандын дарыканаларында бет каптарды массалык түрдө сатып алынуусуна тыюу салынды

    Мезгил

 Кыргызстандын дарыканаларында бир колго 20дан ашык медициналык беткаптар сатылбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мындай тапшырма фармацевтикалык компанияларга берилди.  

    Андан тышкары, жеке коргоочу  каражаттарды Россия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулду. Учурда беткаптарды башка мамлекеттерден жеткирүү суроосу каралууда.

Белгилеп кетсек, Кытайда коронавирус жайылганына байланыштуу, биздин өлкө дарыканаларында дагы беткаптарды массалык түрдө сатып алуу байкалууда. Буга байланыштуу, алардын баасы дагы көтөрүлүп жатат.

Эскерте кетсек,  Кыргызстандын дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти ири фармацевтикалык фирмалардын жана дарыкана түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам жыйын өткөргөн.   

  Департамент фармацевтикалык компанияларды медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын баасын көтөрбөөгө чакырып, ошондой эле   дары-дармектерди экспортко чыгарбоону эскертти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *