Кыргызстандын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты

Мезгил

Кыргызстандын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Учаардын астында президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиленди.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына кийинки иш сапары ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген.

30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *