Кыргызстандын экс-президенти кол тийбестигинен ажыратылды

  Мезгил

Кыргызстандын мурдагы президенти кол тийбестигинен ажыратылды. Тиешелүү мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койгонун  өлкө башчы аппаратынан билдиришти.

 Маалым болгондой, мыйзамды Жогорку Кеңеш 4-апрелде кабыл алган. Өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аларга ылайык, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *