Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Минск шаарында өтө турчу эл аралык мелдешке катышат

Мезгил

Белоруссиянын Минск шаарында өтө турчу эл аралык мелдешке Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агентигинен билдиришти.

Турнир 9-11-август күндөрү болот.

Маалыматка караганда, ага биздин өлкөдөн тогуз спортчу катышары айтылат. Алар 57 салмактагы Бекболот Мырзаназар уулу жана Улукбек Жолдошбеков, 65 салмак менен Эрназар Акматалиев менен Нургазы Абдуразаков, 70кг салмак менен Ислам Орозбеков, Эламан Догдурбек уулу, 74 салмактагы Ильгиз Жакыпбеков, 86 кг менен Алигаджи Гамигаджиев жана 97 салмактагы Магомед Мусаевдер барышат.

Ал эми спортчуларды коштоп машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу менен Русланбек Мажинов бармакчы. Курама команданын мелдешке баруусу үчүн олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 44 миң сом каралган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *