Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өскөн

 Мезгил

Ушул жылдын январынан июль айына чейинки эсептөөлөргө таянсак Кыргызстандын ички дүң продукциясы 284,4 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда быйылкы жети айдагы эсеп 251 млрд. сом болуп, 3 пайызга өстү.

Ал эми өкмөт буга чейинки алты айдын  жыйынтыгын чыгарууда ички дүң продукция 232 млрд. сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш 2,1 пайыз болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, 2018-жылы жалпы өлкөнүн ички дүң продукциясы 557 млрд. сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5 пайыз өсүү катталган. Ал эми мунун 48 миллиарды Кумтөргө туура келет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *