“Кыргызстандын коммунисттер партиясы” шайлоого катышуудан баш тартты

Мезгил 

“Кыргызстандын коммунисттер партиясы” 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуудан баш тартты.

 Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-августтагы өз жыйынында партиянын билдирүүсүн карап аны эске алуу менен чечим кабыл алды.

“Кыргызстан коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *